www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Күчөтүлгөн доза жардам береби?

Барган сайын, эксперттер жана өкмөттөр бир эле вакцинанын же эки башка вакцинаны аралаштырып кошумча дозасын сайууну жактап жатышат.

Проф Джиндин айтымында, Pfizer же Moderna вакцинасынан кошумча Sinovac жана Sinopharm сайса, баштапкы коргоо күчөшү мүмкүн.

Индонезиядагы “кызыл зонада” иштеген жумушчуларга эки Sinovacтан кийин Moderna вакцинасы сайылат, ал эми Бахрейн 50 жаштан өткөндөрдү Sinopharmдын эки дозасынан кийин Pfizer менен эмделүүгө үндөйт.

Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия жарандарына Sinopharm жана Sinovac вакциналарын үчүнчү жолу алууну сунуштап жатышат. Таиланд дагы ушундай кадамды планьаштырууда. Бирок профессор Каулинг Индонезияда эмдөө баштапкы баскычта жүрүп жаткандыктан үчүнчү дозаны таңулоо эрте болушу мүмкүн деп күмөн саноодо.

"Үчүнчү дозанын кошумча пайдасы кандай болоорун чындыгында жакшылап ойлонуш керек, эмдөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон коомдогу улгайган кишиге эки дозанын жардамы канчалык деңгээлде болот деп салыштыруу зарыл", - деди ал.

Sinovac Biotech компаниясы үчүнчү дозанын натыйжалуулугун клиникалык изилдөөлөрдөн өткөзүп жаткандыгын жана натыйжалар кубандыраарлык экенин айтты, бирок Covid-19дан коргонуу үчүн эки доза жетиштүү деп ишендирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнби, өлкөнүн вакциналары "эл аралык коомчулукта өзүнүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү менен таанылып, жакшы абройго ээ болду" деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости