www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтакунов деген бар, ар кимге сөйкөнгөн журналист Токтакунов эмес, бул мурунку шопур бүгүнкү күнү прокуратураны башкы прокурордун орун басары Альчиев Рысбек менен бирге тейлеп турган Башкармачылыктын ачендиги паракурор Кумар Токтакунов. Булар өздөрүнө түшүнүктүү оюндары менен Атамбаев, Жээнбековдордун заманында чардап келишкен, Зулушевди прокуратуранын баркын көтөрүү үчүн чуркатып коюшуп, өздөрү акчага карк тойгон учурлары. Ошондон улам УКМК Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө комментарий берди. Башкы прокуратура мыйзамдын башкы көзөмөлдөөчүсү мыйзамды сактабаганы белгилүү болду. УКМК кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдарынын жана Жарлыктарынын талаптарын одоно бузушуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн делген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбесин айтышты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн "М.К." ЖЧКна текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, "М.К." ЖЧК тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердике пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, М.К. ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген.

Маалымат үчүн: Аталган Өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын ИИМ, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кабарлаган.

Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунда 47 берене жаңы иштелип чыгып, 34 берене толугу менен алынып салынды. Ал эми 362-беренеге толуктоо, өзгөртүү киргизилди. Жаңы иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси 416 беренеден турат. Негизи милициянын жолун бууп, прокуратурага айкын жол ачты. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде кодекстерге алымча-кошумча киргизүү тууралуу парламенттик угуу өткөрдү. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев эксперттик топ колдонуудагы кодекстерди талдап, өзгөртүү киргизүү сунушун бергенин билдирди. «Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндөгү кодекс даярдалды, бирок анын аталышына байланыштуу толук чечимге келе элекпиз. Ушул кодекске Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 85% кирди», - деди Зулушев. Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майда коомдук талкууга коюлган. Документтерди президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат. Айрым юристтер, укук коргоочулар жаңы кодекстерде жазаларды гумандаштыруу азайганын сындап, мурдагы катаал калыбына кайтарын эскертишкен.

Депутаттар жаңы кодекстердин долбоорлору талкууланып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында ал кодекстер парламентке 2018-жылы дагы киргизилгенин эске салды.

“Мен буга каршы чыккам. Силер алып келген кодекс тумандуу кодекс. Бул иштебейт. Бул Укук Коргоо органдарынын колу бутун байлап коёт” - деп белгилеген депутат. Элди иренжиткен эки нерсе бар. Алар кустуруу операциясы жана тергөө менен кызматташуу. Ошол эки нерсе кодекске кирдиби? Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө менен кызматташуу жаңы кодекстен алынып салынды деп жооп берди.

"Кызматташууда эл иренжип жатат. Ал жерде башка жол жок экен да. Тергөөчү же “стукач” же “сука” болосун дейт экен. Бирок алар тергөө иш-чараларынын алкагында өзүлөрү каалагандай төлөшөт. Мисалы 10 миллион долларды уурдап, кайра 10 миллион сом айыппул берип чыгып кетишет. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов прокуратурага жаш кызматкерлерди жумушка алып жатканда калп детектору менен текшерүүнү сунуштады. Учурда парламентте «Башкы прокуратура жөнүндө» мыйзам долбоору жана сунушталган жаңы кодекстер каралууда.

«Өзүмдүн атам прокурор болуп иштеген, бүт көйгөйлөрдү жакшы билем. Жаш кызматкерлерди тандоодо жаңы ыкмаларды колдонсок. Азыр дүйнөлүк алдыңкы компаниялар абдан керектүү кызматкерлерин калп детектору менен кызматка алат. Бул натыйжасын берип жатат. Биз ушул ыкманы прокуратурадан баштабайлыбы... Прокуратурага кызматка алуу процедурасына ушундай пунктту киргизип койсок кандай дейсиздер», — деди депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев калп детектору системасын колдонууга макул экенин жана караштырып көрүүнү убадалады. Белгилей кетсек, Чыңгыз Макешов КСДПнын тизмеси менен мандат алып, Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин баштаган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандарды жеке кабыл алды. Маалыматка ылайык, анда соттук териштирүүлөрдүн негизсиз создуктурулуп жаткандыгы, тергөө органдары тарабынан процесстик ченемдеринин бузулушу жана башка мүнөздөгү кайрылуулар каралды. Ошондой эле жолугушууга Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары дагы катышты. Башкы прокурор жарандардын кайрылуулары менен талаптарына ыкчам чара көрүүнү талап кылып, тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине аларды чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилеп кетчү жагдай, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости