www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус жуктурган алгачкы учур АКШда 2019-жылдын декабрь айында катталган. Буга аталган өлкөдө кандын үлгүлөрүнөн алынган изилдөөнүн жыйынтыгы далил болгонун РИА Новости Саламаттыкты сактоо улуттук институтуна таянып жазды.
«Отчёттун жыйынтыгы SARS-CoV-2 инфекциясы АКШда биз болжолдогондон да эрте пайда болгонун айгинелеп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Билдирмеге караганда, окумуштуулар кандын 24 миң үлгүсүн изилдеп чыгышкан. Ал үлгүлөр 2020-жылдын 2-январынан 18-мартына чейин 50 штаттын жашоочуларынын чогултулган канынан алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында илимпоздор АКШ калкынын кайсы бир бөлүгүндө антитело январдын башында пайда болгон деген тыянак чыгарышкан. Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында АКШда коронавирус расмий түрдө каттала элек болчу.
Эске салсак, буга чейин 2020-жылдын декабрь айында америкалык Clinical Infectious Diseases журналы ушул сыяктуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда АКШнын тургундарынын айрымдарынан коронавирус Кытайда оору пайда болгонго чейин аныкталганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg