www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров, "Хуйман" деп күлкү болгон депутат Өмүрбек Бакиров мурда соттолгонбу?", - деген пикирлерге жеке баракчасы аркылуу жооп жазды.
Депутат, соттолгондугу тууралуу маалыматты четке кагып, тескерисинче, СДПКны жетектегеним үчүн менин атыма мурда болуп көрбөгөндөй чоң саясий каралоо жүрүп жатат деген.
--"2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына оппозициялык Ата-Журт партиясынан талапкерлигимди койгом. Соттолгонум чын болсо ошондо эле талапкер кылып каттамак эмес. Андан кийин 2015-жылы жана 2020-жылдары да талапкер болгом. Мыйзам боюнча ар бир партия талапкерлерине мурда соттолбогону тууралуу ИИМден справка алып, анан БШК аны талапкер кылып каттайт эмеспи.
Сиздерге ачык эле айтайын СДПК фракциясын убактылуу жетектеп калгандан бери кээ бир саясий күчтөр атайын саясий оюндарды жасап жатканын биз билип эле турабыз", - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg