www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID: Бүгүн Бишкекте «Спутник V» менен эмдөө башталат

Бүгүн, 18-июндан тарта Бишкекте «Спутник V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө болот. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Кыргызстанга 17-июнда кечинде Россияда өндүрүлгөн «Спутник V» («Гам-КОВИД-Вак») вакцинасынын экинчи партиясы алынып келген. Бул ирет 40 миң адамды коронавирустан эмдөө үчүн 80 миң доза жеткирилди.

«Медиктер, өнөкөт оору менен жабыркгана жарандар жана 60 жаштан жогоркулар эмделет. Эмдөө Бишкектеги №2, 3, 6, 7, 8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүрөт», - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, алгач 25 миң дозасы Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарына бөлүштүрүлмөк. Андан кийин аймактарга жөнөтүлүп баштайт.

Вакцинаны сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен жалпы 70 млн сомдой каражат бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости