www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды

Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Алардын маалыматында, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат.

1-июлдан тарта Ошто той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алды.

2020-жылдын март айынан бери 112 миң 777 киши вируска чалдыгып, 1 миң 916 бейтап көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости