www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачык айтайын, эл дагы уксун, бир-эки кадрды дайындаган жокмун, ошонун жыйынтыгы ушундай болуп жатат, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле бир катар депутаттардын сынына кабылды.

«Туура, өкмөт күнөөлүү. Бирок мен ачык айтып коёюн, кадр маселесинде бизге эч ким кийлигишпесин. Таарынычтар ошондон болуп жатпайбы. Субъективдүү маселелер бар. Бирөөнүн кадрын койбосоң, мен жаман көрүнүп атам. Ал резервде болбосо, мен күнөөлүүмүнбү?», - деди Марипов.

Депутаттар кадр маселесине кийлигишип жаткан адамдардын ысымын атоону талап кылышты.

«Мына Бактыбек Кемелович (депутат Б.Райымкулов ) Панфилов районуна бир акимдин орун басарын коюп бер деди. Макул, карайын дедим. Сурап калдыңар, ачык айтайын. Биринчи орун басарга деди. Чече албадым», - деди Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости