www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары "Ар түрдүү маселелер" боюнча талкууда ири спорт мелдештерде биринчиликти алган спортчуларды батир менен камсыздоону демилгеледи. Эл өкүлдөрү Тазабек Икрамов жана Камчыбек Жолдошбаев буга чейин Азия чемпионатын уткан кыргызстандык спортчуларга мамлекет батир ыйгарып келгенин, азыр мындай сыйлык жоюлганын айтышты. Депутат Икрамов өкмөт спортчуларды сыйлоо маселесин кайрадан жандандырбаса, спортчулардын келечеги бүдөмүк экендигине токтолду.

- Учурда Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Кечээ бир балбаныбыз Акжол Махмудов өлкөбүзгө алтын медаль алып келди. Мындай спортчуларды мамлекет үй менен камсыз кылып колдобосо, чемпиондун келечеги эртең кандай болору белгисиз.

Буга чейин Кыргызстандын күрөш түрлөрү боюнча федерациянын вице-президенти Нурланбек Исмаилов мамлекет спортчуларга 50 млн. сомго чейин каражат бөлөрүн, бирок бул каражат күрөштү каржылоого жетишсиз экендигин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости