www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-январда, Бишкектеги Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда лифт өз алдынча иштеп кетип жаранды кыпчып калган. Ал ошол жерден жан берген. Ал эми ымыркай жабыркаган эмес.

Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кабар түшөөрү менен, жерине "Бишкекшаарлифт" ишканасынын жетекчилери жана Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциянын өкүлү барган.

Мужчину зажало в лифте. Он умер на месте

"Алар келгенге чейин лифт оператору, инструкцияга ылайык, лифттин тогун өчүрүп, жабырлануучуну эвакуациялоо үчүн электромеханикти чакырган", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн мекмелер аралык комиссиянын курамына "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын, Октябрь акимиатынын, Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын, РИИБдин өкүлдөрү кирди. Алар окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын эске алуу менен эксперттик корутунду даярдайт. Укук коргоо органдары да иликтөө жүргүзмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости