www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарындагы баш аламандык учурунда каза тапкан жаш жигиттердин бири аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаевдин уулу экени белгилүү болду. Бул маалыматты жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы таратты.

«Елнар 6-январда саат 18:35 чамасында (коменданттык саат башталганга чейин) Алматы шаарынын Назарбаев проспекти менен өзүнүн автоунаасында үйүн көздөй бара жаткан. Ошол учурда белгисиз адамдар тарабынан анын унаасы тарапка ок атылып, ал оор жаракат алган жана кийин кайтыш болду. Учурда тийиштүү органдар иликтөө жүргүзүп жатат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жансеит Туймебаев ректорлук кызматта 2021-жылдын февралынан тарта эмгектенип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости