www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды

Мекендештерди коңшу өлкөдөн эвакуациялоо иштерин Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Мэрия аларды чек арадан тосуп алып келүүдө.

Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды, Бишкектин борборуна чейин мэриянын автобустары алып келди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандыктар "Ак жол" өткөрүү бекетинен Бишкектин чок ортосуна чейин алып келинди.

Ага ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Казакстан менен мамлекеттик чек арага муниципалдык автобустар жөнөтүлгөн.

Кыргызстандыктар "Ак жол" өткөрүү бекетинен Бишкектин чок ортосуна чейин алып келинди. Көбүнчө жарандарды чек арадан жакындары тосуп алды. Калгандарына мэрия жардам берген.

Кыргызстандыктарды коңшу өлкөдөн эвакуациялоо иштерин Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жатканы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости