www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунун бир нече жашоочуларынан баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Москва РИИБнин кызматкерлери бир нече даректер боюнча издөө жүргүзгөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери баңгизат, “бульбулятор” (баңгизат чегүүчү аспап), патрон, уюлдук телефондор, маскалар жана башка буюмдарды табышкан.

Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган баңгизаттарга экспертиза дайындалды. Калган буюмдардын уурдалганы же уурдалбаганы да текшерилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости