www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крим чөйрөсүндө "Дөө-Чыңгыз "каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Бишкектеги №1 тергөө абагындагы Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б. аттуу беш жаран “Адам өлтүрүү” беренеси менен айып тагылганы айтылды.
"Алар адам өлтүрүүгө жеке кастыктын негизинде, алдын ала сүйлөшүп алып, барышкан. Бешөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып коюлду. Мындан тышкары кылмышты жаап-жашырганы үчүн деген негизде дагы эки жаран — Т.Ж. жана Д.А. айыпталууда. Кылмыш ишинин материалдары Бишкектин Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg