www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Гунчжоу шаарында 80 миң орунга ылайыктап карантиндик борбор куруп жатканы маалым болду.

Маалым болгондой, долбоордун жалпы аянты 815 чарчы метр болсо, курулуш 530 чарчы метрге түшөт. Анда борборлоштурулган карантинден өтүүгө ылайыкташтырылган 21 870 бөлмө болот, курулуш бүткөндөн кийин бир убакта 80 миң кишини кабы алууга жол ачылат.

14-ноябрдан бери күнү-түнү жүрүп жаткан курулушка контейнер ыкмасы пайдаланылууда. 18 миң киши иштеген долбоор — учурда Гуанчжоудагы салынып жаткан эң ири курулуш.

Акыркы маалымат боюнча, медициналык персонал үчүн 1 120 орун, 96 кеңсе бөлмө жана бейтаптарды изоляциялоо үчүн 1 300 бөлмө даяр болду.

Белгилүү болгондой, карантиндик жайлардан тышкары таштанды жыйноочу пунктулар, унаа токтотуучу жана автобустарды дезинфекциялоочу аянтчалар, обочолонгон бейтаптардын кирген-чыккан өзүнчө жайларын камтыган функционалдык зоналар каралган.

Акыркы убакта Кытайда коронавирустун жайылшы рекорддук санды көрсөтүүдө. 24-ноябрдан тарта Пекин, Шанхай баштаган ири шаарларда оору күчөгөндүктөн чектөөлөр катаалдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости