www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда Кыргызстанда диплом маселеси каралып, көрүнүктүүлөрдүн көбү майлуу-сүттүү орундарынан ыргып кетишти. Бул көрүнүш айрымдардын жүрөгүнүн үшүн алса, айрымдары колун ушалап, туура кылды деп мыйыгынан күлүп, ырсалактагандары деле жок эмес.

Бир сөз менен айтканда Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ЖОЖдун кандай билим бергинин көр менен кер деле билет дегендей студенттерди 95%ы акча менен окуу жайды бүтүрүп, Орусия тарапка багыт алганы баарыбызга белгилүү.

Ал тургай академик, профессор деген наамдарды алуу 10 миң АКШ долларынан өйдө турганды тар чөйрөдө айтылып эле жүрбөйбү.

Кыскасы, Кыргызстанда билим берүү тармагы каза тапканына 10 жылдан ашты. Мектептеги окуу куралдары СССР менен коштошо элек.

А баса, депутат Алтынбек Сулайманов башында турган «Альянс» партиясынын башына кара булут каптап келе жатканы каңкууланууда… Келе жаткан жума күнү азырынча аты атылбаган эл өкүлү дүркүрөгөн кол чабуулар менен Жогорку Кеңеш менен кош айтышы күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости