www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасста орусиячыл жикчилдер аткан октун натыйжасында бир украин аскери каза болгонун жарыялады. Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган билдирүүдө орусиячыл жикчилдер ок атышпоо келишимин 19 жолу бузганы билдирилди. 

Эске салсак, Украинанын борбор шаары Киевде 2013-жылдын 21-ноябрында президент Виктор Янукович Евробиримдиктин (ЕБ) ассоциациялык келишимине кол койбогондон кийин демонстрациялар башталган. Өлкөдө баш аламандык күч алып, 2014-жылдын февралында Янукович өлкөдөн качып кеткенден кийин, орусиячыл жикчилдер өлкөнүн чыгышындагы Донбасс аймагындагы Донецк жана Луганск шаарларында өздөрүн "Эгемен аймак", - деп аташкан.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери жикчилдер менен Киев өкмөтүнүн ортосундагы кагылышууларда 13 миңден ашуун адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости