www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөлүк жарандардын кармалып, Москванын полиция бөлүмүнө жеткирилип жаткандыгы тууралуу белгисиз адамдын кыргыз тилинде айткан видеосу боюнча үн катты.
Видеодогу киши сыягы ИИМдин Кунцево районундагы (Москва шаары) убактылуу кармоочу жайында отурган. Маалыматты тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери Кунцеводогу полиция бөлүмүнө барышкан.
РФ ИИМдин райондук өкүлү барган учурда бөлүмдө 18-февралда кармалган төрт жаран болгон. Ага чейин кармалган Кыргызстандын жарандарынын кээ бири текшерүүдөн кийин административдик жоопкерчиликке тартылса, айрымдары бошотулган.
"Видеодогу жарандардын бети көрүнбөгөндүктөн жана аты-жөнү белгисиз болгондуктан, ким экенин тактоо мүмкүн болгон жок", — деп жазылат маалыматта.
Элчилик Москвада рейд бат-баттан жүрүп жатканын эскертип, Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы талаптарды аткаруу боюнча чет өлкөлүктөр текшерилип жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg