www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эки районундагы кембагал 100 үй-бүлөгө бир жолу төлөнүүчү 100 миң сомдук грант берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк тамак-аш программасы менен бирге "Социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам" аттуу инновациялык пилоттук долбоор баштады. Долбоор Нарындын Жумгал району менен Баткендин Кадамжай районуна тиешелүү.

Белгилей кетсек, бул аз камсыз үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим болмокчу. Анда жакыр үй-бүлөлөр иш башташ үчүн 100 миң сом грант алат. Муну менен катар аларга финансылык сабаттуулук, бизнес-план иштеп чыгуу боюнча консультация берилип, айыл чарба жаатында ар кыл сабактар өтүлөт.

"Долбоор мал багуу, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, теплица сыяктуу тармактарды түшүнгөн, бизнес-идеялары бар жакыр жашаган үй-бүлөлөргө ылайыкташылган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, социалдык келишимдерди ишке ашырууда министрлик айрым учурда жергиликтүү бизнес жана ишкерлер менен кызматташарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости