www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялык Daily Mail гезитинин америкалык окурмандары Джо Байденди катуу сынга алышты. Буга анын Орусияны «жакынкы күндөрү» Украинага кол салуу ниети бар деп айткан сөзү негиз болду.
Көптөгөн колдонуучулар америкалык лидер жарандарды ички саясий көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн кырдаалды атайылап курчутуп жатат деген пикирге келишти.
«Коронавирус жана анын кесепеттери менен байланышкан көйгөйлөрдөн көңүлдү буруу аракети...» — деди Truthwins2424.
«Байден, мунун баарынан алыс бол жана биздин чек араларды коргоого кам көр», - деп жазган J-Bird аттуу колдонуучу.
«Ооба, анткени бул Путин эмес, Байден согуш баштоого аракет кылып жатат», - деп жооп берди ага дагы бир окурман.
Улуу Британиялык комментаторлор да четте калышкан жок. Ошентип, man_bowler деген лакап ат менен катталган окурман америкалык президенттердин көбү согуш баштоого аракет кылып, өз ысымын тарыхта түбөлүккө калтыруу үчүн гана аракет кылып жатканына ынанды.
Булак: NazarNews.kg