www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мусулмандарынын аалымдар кеңеши коронавирустун пандемиялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу 13-мартта бир катар чектөөлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу Кадыр Маликов социалдык баракчасына жазып чыккан.
Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавирустун күч алганына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө төмөнкүчө чечимдер кабыл алынды:
1. Мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш-чараларга, окуу ийримдерине, жыйындарга, семинарларга убактылуу чектөө киргизилсин;
2. Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилсин, зикир жана дубалар убактылуу кыска окулсун;
3. Даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
4. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталсын;
5. Мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүлсүн;
6. Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин;
7. Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларда окугандарды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылсын.
Эскертүү: Кырдаалга жараша чечимдер да өзгөрүүсү мүмкүн же кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алынып салынат
Булак: NazarNews.kg