www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача СУ кыштагындагы авиакырсыкка "учактын экипажынын катасы себеп болгон" деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин транспорт боюнча комитетинин жыйынында "Манас" аэропортунун директору Эмир Чукуев билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык жарыялады.

Ал эми транспорт министри Жамшитбек Калилов кырсыктан жабыркагандарга кенемтелер толук төлөнгөнүн, анын өлчөмү жарандардын каалоосу менен ачык айтылбаганын кошумчалады.

Былтыр 16-январда эртең менен Дача СУ кыштагына Түркиянын "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч курман болгон. Расмий маалымат боюнча, Гонгконгдон Стамбулга жол тарткан учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жаткан.

Буга байланыштуу калктан да жардам чогултулган. 2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланып, ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу так маалымат берилген эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости