www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын январь айында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Дача СУ» айылына жүк жүктөгөн түркиялык учак кулап, бир топ мекендештерибизди таңкы таттуу уйкусунан ойгоно электе эле оо дүйнөгө алып кеткен эле. Ошондо кулаган учактан уюлдук телефондор табылганын жакшы билебиз.

Ошондо мүңкүрөп турган «Дача СУ» айылынын тургундарынын алдына Алмазбек Атамбаев бара алган эмес. Себеби, кулаган учактагы жүк ага тиешелүү экендиги айтылган. Маалыматтарга караганда дал ошондой жүктү ташыган бул самолет ага чейин 52 жолу «Манас» аэропортуна «ийгиликтүү» конгон. Алардын ар биринен 500 миңден 1 млн долларга чейин таза киреше табылып келгени да айтылган.

Албетте, мындай ири контрабанданы ошол убакта бийликтин чокусунда отурган Атамбаевдин «добросу» жок жасай алышмак эмес. Тилекке каршы, ал жүктүн ээси ким экендиги коомчулукка билинип калса дагы, азыркыга чейин аны ачыктап, мыйзам чегинде жазасын берүү ишке аша элек.

Эми болсо, жакында эле УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын түштүк-батыш бажы кызматынын кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы билинди. Тактап айтсак, ушул жылдын 27-апрелинде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери тарабынан дүйнөлүк маркадагы товарларды жүктөгөн жүк ташуучу унаа кармалган. Андагы товарларды коштогон тиешелүү документтер жок болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бажы органынын кызматтагы адамдары товардын ээлери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, бажы мыйзамын бузуу менен импорттолгон товарды бажы контролу зонасынан текшертпестен эле өткөрүп жиберишкени аныкталган. Ал товарлардын арасынан декларацияланбаган түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган.

Алардын жалпы баасы 30 млн сомдун тегерегинде болгон. Натыйжада бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык подлог), жана 204-беренеси (контрабанда) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп атканы маалым болду.

Эмнегедир мына ушул кылмыш менен «Дача СУга» кулаган учактагы жүктүн тамыры бир сыяктуудай болуп турат. Экөөндө тең түрдүү үлгүдөгү уюлдук телефондор болууда. Эгерде муну жакшылап иликтесек, балким «Дача СУга» кулаган учактын да сыры ачылчудай болуп турат.

Азыркы тапта Мамлекеттик бажы кызматында да экс-президент Атамбаевдин мактаган кадры Кубанычбек Кулматов отурат. Андыктан башкы контрабандист Атамбаев бийликтен кетсе дагы, анын тереңге жайылып кеткен тамыры дагы деле контрабанданы күчөтүп атканын байкоого болот эмеспи…

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости