www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача СУнун эли башка жакка көчүрүлөбү?

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев бүгүн, 19-январда Дача СУ конушуна барып, тургундар менен жолукту. Анда коопсуздук маселелеринен улам жашоочулар аларды башка аймакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин көтөрүштү.

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы мындан туура беш жыл мурун, 16-январда учак кыйраган. Анда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч тең курман болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.

Өткөн айдын башында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган. Азырынча анын корутундусу жарыяланып, маалымат бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости