www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: COVID-19 пандемиясынын

COVID-19 пандемиясынын "аякташына дагы көп бар". Бул тууралуу 18-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адхан Гебрейесус билдирди.

Ал дүйнөдө коронавирустун "омикрон" штаммы тездик менен жайылып жатканын белгилеп, COVID-19дун бул түрү анча кооптуу эмес деген сөздөр жаңылыштык экенин айтты.

"Омикрон" кыйла жеңил болушу мүмкүн. Бирок ал анча кооптуу эмес деген сөздөр адамдарды адаштырууда. Эсиңерде болсун, "омикрон" жуктургандар ооруканага жатып, айрымдары каза болууда. Абалы оорлор аз болгону менен медициналык мекемелер да толуп калууда", — деди Гебрейесус ДССУнун Женевадагы кеңсесинде.

Өзгөчө жугуштуулугу менен айырмаланган "омикрон" штаммы бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө жайылып, жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Бул сандар COVID-19га каршы колдо бар вакциналар "омикрондон" сактанууда кыйла натыйжасыз экенин көрсөтүүдө. Ошол эле маалда эмделгендерде оору жеңил өтүп, каза болгондор аз катталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости