www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттер аралык авиациялык комитет 2017-жылдын 16-январындагы Дача СУдагы Boeing 747-412 FTCтин кыйрашы боюнча отчет таратты.
129 барактан турган маалыматта аба кеменин тарыхы, учуу тартиби, техникалык абалы, күйүүчү майдын курамы, административдик абал жана башка мүнөздөмөлөр чагылдырылган. Иликтөө иши эки жылга созулган.
“Авиакырсыктын себеби, экипаж учактын учуу абалына жакшы көңүл бурган эмес. Экинчи айлампага кирүү маалында учак буга чейин белгиленген схемадан чыгып кеткен. Ошондон улам ал жер менен сүзүшүп, кырсык болгон”, - делет маалымдамада.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 16-январында таңкы саат 07:17 мүнөттө түркиялык ACT Airlines компаниясынын жүк ташуучу учагы Дача СУ айылынан кырсыкка учурап, 39 адам каза болгон. Алардын төртөө экипаждын мүчөсү калганы Дача Суу айылынын тургундары.
Булак:NazarNews.kg