www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махачкаладагы май куюучу жайдын жарылуусунан каза болгондордун саны 30 адамга жеткенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
"Куткаруу иштеринин натыйжасында дагы 3 каза болгон адамдын сөөгү табылды. Жалпысынан учурда Махачкаладагы май куюучу станцияда чыккан өрттөн 105 адам жабыркап, анын 30у каза болду", — деп билдирди министрлик.
Дагестандын башчысы Сергей Меликов мурда тактагандай, каза болгондордун үчөө жаш балдар.
Эске салсак, 15-августка караган түнү Махачкаладагы трассадагы автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан соң жарылуу болгон.
Жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Дагестанга Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын биринчи орун басары келген.
Жардыруудан жабыркагандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен Москванын ооруканаларына жеткирилет. Тергөө комитети коопсуздук талаптарын бузгандыктан кылмыш ишин козгогон.
Булак: NazarNews.kg