www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Гавайи штатындагы Мауи аралындагы өрттө мерт болгон жарандардын саны бери дегенде 96га жетти. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын, учурда жүздөгөн адамдын дайыны чыкпай жатканын билдирди.

Би-би-си куткаруучуларга шилтеме кылып, өрт чалган аймактын 3% гана иликтенгенин жазды.

Штаттын губернатору Жош Грин 13 миңдей адам жашаган Лахайна тарыхый шаарында 2700дөн ашык имарат жабыркаганын маалымдады. Мауи округунун бийлиги өрттүн эки очогун өчүрүү дагы деле уланып жатканын кабарлады.

Мауиде өрт өткөн аптанын башында тутанган жана "Дора" ураганынан улам катуу соккон шамал өрттүн кыска убакытта бир топ аймакка жайылышына түрткү берген.

Гавайидеги тилсиз жоо соңку бир кылымдан ашык убакыт ичинде АКШнын аймагында эң көп адамдын өмүрүн алган ири өрт кырсыгы болуп калды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости