www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махачкаладагы май куюучу жайдагы жарылуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 15-августка караган түнү Махачкаладагы трассадагы автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан соң жарылуу болгон.
Жарылуудан 35 киши каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Жарадарларга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Дагестанга Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын биринчи орун басары келген.
Жардыруудан жабыркагандар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен Москванын ооруканаларына жеткирилет. Тергөө комитети коопсуздук талаптарын бузгандыктан кылмыш ишин козгогон.
Булак: NazarNews.kg