www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестандын муфтийи Ахмад Абдулаев аймактагы COVID-19га каршы күрөштү «катастрофа» деп мүнөздөдү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

18-майда дагестандык аткаминелер менен видеожыйын уюштурган Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучу сакталып жатканын белгилеп, Дагестандагы абал оор экенин айтты.

Президент бул аймакта вируска чалдыккандардын арасында абалы оор болуп жаткандардын көптүгү «тургундардын ооруканаларга кеч кайрылып, өз алдынча дарыланып жатканына» байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Видеожыйындын жүрүшүндө Дагестандын муфтийи Путинге кайрылып: «Катастрофанын масштабы сизге кайрылууга аргасыз кылып жатат. Өтүнүч, Дагестанга көңүл буруп коёсузбу?», —деди.

Путин бул аймакта адамдардын социалдык аралыкты сактоосуна көңүл буруу керектигин белгилеп, тургундарды Айт намазын окуудан баш тартууга, айттабоого чакырды.

Расмий маалыматтарга ылайык, үч миллион калкы бар Дагестанда 18-майга карата 3 400 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын ичинен 29 бейтап каза болду. Ошол эле маалда айрым байкоочулар менен аткаминерлер расмий статистиканын тууралыгынан күмөн санашууда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости