www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба каттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө маселе 25-майда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов онлайн жыйында билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 жараныбыз өлкөгө келди. Жарандарды башка өлкөлөрдөн алып келүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады Боронов.

“Кооптуу кырдаалга байланыштуу, облустар аралык аба каттамдарын жүргүзө элекпиз. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, - деди биринчи вице-премьер министр 

Булак: NazarNews.org

Последние новости