www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эмарк Групп» жана «Бурана Гранд» курулуш компанияларынын негиздөөчүсү Чолпонбек Акматов кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардын сотунан ырасташты.

Бизнесмен 12-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин Бишкектеги №1 Тергөө абагына камалды.

Чолпонбек Акматов кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштырууга шектелүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин «Элит Хаус» компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев жана «Авангард Стиль»  курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалган. Аларга  дагы Кылмыш кодексинин 222-беренеси (кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштыруу) менен иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости