www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль армиясы Газа сектору менен Ливанды аткылоодо эл аралык конвенцияда тыюу салынган ак фосфор кошулган ок-дарыны колдонгон. Бул туурасында Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдиргенин РИА Новости жазды.

"Human Rights Watch уюму текшерилген видеожазуулардын, күбөлөрдүн айтканына негиздеп, Израиль армиясы 2023-жылы 10-11-октябрда Ливан менен Газадагы согуштук операцияларда ак фосфорду колдонгонун аныктады", — деп айтылат маалыматта. 

Израилдин аба соккуларынан улам Газа шаарынын үстүнөн абада ак түтүн көтөрүлгөнүн көрүүгө болот. Буга чейин Палестина ТИМи Израиль тыюу салынган фосфорлуу снаряд колдонгонун билдирген. 

Ак фосфор жарылганда жерге 1200-1300 градус температура менен түшөт. Кийимди өрттөп, денеде катуу күйүктөр калат. Уулуу түтүн бөлүнүп чыгат, ага өрт өчүргөн каражаттардын күчү жетпейт. Ак фосфор же өзү күйүп бүтөт, же кычкылтектин жогунан акыры өчөт. Фосфорлуу снаряддарды Кадимки куралдын конкреттүү түрлөрүн колдонууну чектөө же тыюу салуу боюнча конвенциянын негизинде пайдаланууга болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости