www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз болуп жаткан Мирбек Мияровдун кайда экени айтылды

Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Мирлан Мамытов жергиликтүү басылмаларга билдирген.

«Көрсө биздин лидер тоого кеткен экен. Ал жакта телефону өчүп, унаасы бузулуп калыптыр. Аялы кай жерде экенин билген экен, ошондуктан милицияга билдирбептир», - деп билдирди.

Эске салсак, 28-ноябрда саат 15:00дөр чамасында дайыны чыкай жатканы айтылган.

Андан соң аны милиция кызматкерлери издей баштаган. Бирок, Мияровдун жубайы укук коргоо органдарына издөө иштерин токтотууну суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости