www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээки окуя бул кылмыш, эки бутту айбандар алып келген апаат! Адам өлтүрүү, уурдап-тоноо, денеге залал тийгизүү ж.б кылмыштар күн сайын болуп жатат. Мындай пикирин бүгүн, 9-апрелде журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Алдын ала кечирим сурайм, бирок мен бир нерсени байкадым. Айзаданын аянычтуу аяктаган тагдыры, жүрөгү таза адамдар үчүн кайгы болду.

Дагы бир топтогу адамдар үчүн, саясат болду. Алар митингге чыгып алып, «кетсин, ордун бошотсун, анын ордуна Баланча Баланчаев татыктуу» - деп өзүнүн таанышын учурдан пайдаланып кызмат ордуна сунуштаганга үлгүрүштү. Алар, митингге жан дүйнөсү өрттөнүп келгендерге аралашып кетишти.

Дагы бирөөлөр, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер кыйыр үгүт кылышты чыгып алып.

Хайп жасагандарды дагы көрдүк!

Мурдатан шылтоо болсо эле кыйкырып чыккандар, «биз аялдарды коргоп митинг кылганда сындадыңар эле» - деп айтып, жазып жатышат. Бирок, аялдардын укугун - агрессивдүү, эркектерди жек көргөн, бир жыныстуулардын никесин жактаган, үй-бүлөөлүк бүтүндүк түшүнүгүн кабыл албагандар кантип коргодук деп айта алат? Алар, коомго агрессия жана жек көрүү, түшүнүктөрдүн кагылышын эле жаратып жатпайбы?! Үй-бүлөөлүк баалуулуктарды четке кагып, «турмушка чыкпайм, келин болбойм, төрөбөйм» - дегендер, кызды уурдап кетип, өлтүрүп койгон мыкаачылардай эле зыяндуу. Канкорлордон кыздарды кандай коргоо зарылчылыгы болсо, ушул типтеги бузуку, агрессивдүү топтордон дагы ошондой эле сак болуу керек. Алардын максаты такыр башка, керек болсо ушундай инцидент үчүн кубанышса керек, «ох, шылтоо табылды, кеттик көчөгө» - деп.

Кечээки окуя бул кылмыш, эки бутту айбандар алып келген апаат! Адам өлтүрүү, уурдап-тоноо, денеге залал тийгизүү ж.б кылмыштар күн сайын болуп жатат. Бул жарыкчылыкта, пенделер акыреттен коркпой, акмакчылык кыла берет турбайбы, тилекке каршы.

Пенделик кызыкчылыгыңардын тарабында туруп алып, ушундай кырдаалдан, бир үй-бүлөөнүн кайгысын тартып кетип, түрдүү саясат, өз кызыкчылыгыңар үчүн ары-бери чойгулай бергенден уялбайсыңарбы?!», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости