www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исмаил Исаковдун түштөн кийин от алганы – алжыганыбы?

Мурун элдер «аскер адамдары «солдафон» болуп калат» деп анекдот айтышчу. Советтик Армияда солдаттарды чөптү боёткон командирлер болот го, анын сыңарындай, акыркы кезде генерал Исмаил Исаковдун сүйлөгөндөрүн байкап, ошолорду эстейт экенсиң.

Бул киши эми эмне бийликке атырылып жатат? Өзбекстан менен чек арабыз чечилип атса, өзүн кыйын көрсөтүп, Камчыбек Ташиевди «саткын» кыла салганы суу кечпейт. Исмаил Исаков өзү да кезинде көп нерседен жаңылган. Акаев учурунда Баткен коогалаңында фронттон дезертирлик кылганын эле эстесек жетиштүүбү?

Бирок андан кийин Бакиевдердин учурунда аскер казармаларына каралган борбордогу жерлерди менчикке сатканын кантип унутабыз? Анан 7-апрелде боштондукка чыгып, өзүн Наполеон сезип, түштүктө генерал-губернатор ролун ойноп, жыйынтыгында саясый интригалардан улам Ош коогалаңы чыкканы эле эң чоң күнөөбү?

Ал аз келгенсип, Атамбаевдин КСДПсынын тизмесин 2010-жылы жетектеп, ал жакка депутаттык мандат эңсеп кетип калып, өзүнө ишенген «Азаттык» партиясынан бир да мүчөнү ала барбаган «командирди» азыр кайсы дөдөй ээрчимек эле? Чын эле бул агабыздын бир жашыруун иштери бар го? «2010-жылы Кадыржан Батыровду Исмаил Исаков Лейлек аркылуу качырган» деген кептин жүйөсү качан чыгат? Сыягы, суроолор өтө эле көп...

Булак: Азия News гезити

Последние новости