www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар учурундагы Бакиев менен Атамбаевдин айырмачылыгы Кыргыз бийлиги жана кыргыз эли саясий ой жүгүрткөндө мурдагы Бакиевдик бийлик жана азыркы Атамбаевдик бийликти салыштырып карашат. Башкалар сыяктуу эле мен дагы эки президенттин жаратылыш кырсыктары, чукул кырдаалдардагы жүргүзгөн аракеттери, ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылгым келип жатат. Эмес салыштырып көрөлү.
Быйыл, жыл башында Дача Су айылына “белгисиз” бай адамдын жүгүн ташып келе жаткан чоң учак кулап түшүп айылдын элин басып калды. Үй-бүлө толугу менен оо дүйнө узап кетишти, жарым, жалгыз калгандар болуп, кыргыз эли чоң чыгымга учурады. Аман калгандары убактылуу Бишкектеги “Семетей” мейманканасына жайгаштырылып, кийин алардын тагдыры эмне болгону белгисиз. Азыр кайда жашап жатат, кызыккан киши жок. Кыргыз эли ынтымак менен аларга 100 миллион сомдон ашык каражат топтоп беришти.
Атамбаев ал убакта кабар алып барбай койгону тууралуу сөз кылбай эле коелу, ал маселени жеке абийир, адамгерчилигине коелу. Учурда эл чогулткан каражатты эптеп себелеп, кечиктирип бөлүштүрүп беришкенсиди. Эл нааразы бойдон калды, нааразы болгондорду укук коргоо органдары коркутуп оозун жапканы ММКларда жарыяланды.
Мындан кийин Өзгөн районунда 6 айылда кырсык болду. Аларга чукул жардам көрсөтүү иштери уюштурулду. Жалпак-Таш, Аюу-Сай айылында үйлөрүн басып калган элге дөңгө чатыр тигип беришти. Катуу шамал аралаш жаанда чатыры учуп, эл аябай кыйналды.
2008-жылы октябрь айында Нура айылында жер титиреп, чоң кырсык болду. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев токтоосуз кырсык болгон жерге тийиштүү кызмат адамдарын алып барды. Өзү тапшырма берип, ӨКМ министри Камчыбек Ташиевдин уюштуруусу алдында үйсүз калган 154 үй бүлөгө убактылуу жашоого ылайыктап 40 жана 20 тонналык контейнерлерди жылуулап, жарык киргизип, отун суусун даярдап шарт түзүп берген. Контейнерлердин ичи жылууланып, чоңурак үй бүлөлөр үчүн контейнердин ичи бөлүнүп даярдалган. Кадимкидей чакан, жашоого ылайыктуу жылуу үйлөр болгон.
1 жыл ичинде Бакиевдин бийлиги каалоочуларга Нура айылына, калоосуна жараша Ош шаарына кире бериштеги аймакка турак жай тургузуп, элди толугу менен камсыз кылган. 2009-жылы Камчыбек Ташиев 154 убактылуу колдонуулучу үйлөрдү ӨКМдин түштүктөгү базасына толугу менен жыйнап, өткөрүп берген.
Бул маалыматты Камчыбек Ташиевден дагы ырастап сурап, тактадым. 2010-жылдан кийин аталган 154 контейнер үйлөрдүн тагдыры табышмак бойдон калганбы же чоңдор бөлүшүп жайлоолорго алып кеткенби аны билбейм, үйлөр жок. Азыркы бийликтин алсыз экенин көрдүк, мындай чакан жашоого толук шарты бар көчмө үйлөрдү курууга жөндөмсүз. Жок дегенде Бакиев жасап берген 154 үйдү талап-тоноп, бөлүп жарып кетпей сактап койсо, азыр Өзгөндө шамал учурган чатырда элдер кыйналбайт эле го деген ойду айткым келет. Чукул кырдаалдарда Атамбаевди ачык эле айтыш керек, Бакиевге караганда алсыз жана кайдыгер экенин көрдүк. Кырсык болгон Өзгөнгө дагы барган жок. Эл башчы деген элдин башында болуш керек болчу, тилекке каршы мунун күйүмдүүлүгүн көргөн жокмун. Бирок, Алмаз Шаршеновичти талантуу ырчы катары сыйлайм, жакында жетинчи ырын чыгарып, элге тартуулаптыр.
Дайырбек Орунбеков
Булак: NazarNews.kg