www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Лу ушуну менен көп жолу чектен ашты, дипломатиялык алаканы бузду. Ага чара көрүлүшү керек. Мындай пикирин бүгүн, 20-апрелде журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалдар, мамлекеттик органдардын чечимдери, ИИМдин алдына чыккан бей өкмөт уюмдарына каршы чогулган атуулдар боюнча Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирүү кылып, сын айтты.

Ал, мурдатан эле өз көз карашын таӊуулап, биздин мамлекеттин ички ишине аралашып келген. Бир нече жолу ага элчинин ыйгарым укуктарынан тышкары аша чаап жатканы боюнча эскертүүлөр берилген, бирок акылына келген жок. Же, атайын биздин суверендүү өлкөгө үстөмдүгүн сездиргиси келип, басмырлоосун сездирүү кылып жатат деп түшүндүм.

Биздин өлкөдө Америкадан тышкары, бир-нече мамлекеттердин элчиси бар. Бирөө дагы Дональд Лу сыяктуу мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, мурдун тыкпайт. Жалгыз гана ушул элчи ашкере аралашып алды.

Соттун ишине, укук коргоо органдарынын чечимдерине баа берет. Мисалы, Америкада канча окуялар болуп жатат. Бизге гумандуулукту ушулар үйрөтөбү? Тарыхта адам укугун кордоп, басмырлоо боюнча америкалыктардай эч ким мыкаачылык кылган эмес. Кара терилүүлөрдү адам катарына кошуп калганына аз эле жыл болду, мурда жандыктардан дагы төмөн коюшчу.

Шайлоо болуп, аларда дагы акыйкат издеп, митингге чыккандарды аесуз сабап, атып, камап салды. Биз алардын ички ишине кийлигишпей элебиз го? Качанкыга чейин булар биздин ар-намысыбызга, эгемендигибизге шек келтирип басмырлай берет?! 

Айрым улуттарды, этносторду тукум-курут кылган, мамлекеттерди талкалап күлүн көккө сапырган, адамзат кылбаган акмакчылыкты жасаган америкалыктар бизге жашоонун идеалдуулугун үйрөтөбү?

Дональд Лу ушуну менен көп жолу чектен ашты, дипломатиялык алаканы бузуп, ыйгарым укуктарынан ашканы үчүн мамлекет болгон рычагын колдонуп, Дональд Лу боюнча чара көрүшү керек. Тышкы иштер министрлигине кайрылам», - деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости