www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингден кийин бактысы тоодой ачылган ТИМ Руслан Казакбаев кйары сурагандан тажабады. 30 млндон ашык калкы бар Өзбекстанга барып жардам сурап, кыргыз элин уят кылды. Бул көрүнүшкө Дайырбек Орунбеков өзүнүн пикирин билдирди.

--Кыргыз улуу, намыскөй элбиз. Өзбекстандан тамакка жардам сурап барганда дагы зыңкыйып, “как будто” биз жардам берип жаткандай. Базар жок.

Элим чөгөлөп ачка калгандан көрө - зыңкыйып алып нан сураган эле жакшы. Министр Казакпаевге оңой дейсиңерби, барып тамак сурап сүйлөшүү кылганы, ичинен кан өтүп, көнүлү сынып жатса керек. Бирок чынында 21-кылымда азык-түлүк үчүн Өзбекстандан жардам сурап калган жакшы эмес. Буга барыбыз күнөөлүбүз, барыбыздын салымыбыз бар. Эл катары, улут катары калыптана элекпиз деп айтсам ачуу тийет, тилекке каршы бул чындык.

Ошондуктан ички келишпестиктер, кокту-колот деңгээлден жогору көтөрүлүп, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюп ойлонушубуз керек. Ал оор деле эмес, кырдаалды улам оорлотуп, саясий окуяларга максаты жок аралаша бербей ар ким өзүбүздүн милдетти так аткарганыбыз оң. Милдет ал эмне? Ар бир адам өзүнүн жумушу менен алек болуу, мамлекет башчыларына акыл үйрөтүп алаксыта бербөө.

Кыргызстанда көпчүлүк эл эмнени талкуулайт, түшүнүгү жетпесе дагы саясатты талкуулайт. Эч ким асыл тукум мал өстүрүү, мол түшүм алуу идеяларын талашпайт. Садыр Жапаровдун курткасын, Адахан Мадумаровдун Москвада жүргөнүн талкуулайт. Же андан бир пайда чыкса эмне?

Сооронбай Шариповичти болсо убагында эмне деп гана каралаган жоксуңар, ал кетсе эле бактылуу болчудай элеңер. Кызматын тапшырып кетип калды, аны жамандап нааразы болуп жаткандар дагы деле нааразы, элдин көнүлүн кирдеткен талкууларды пайда кылып жатасыңар.

Жыйынтыгы мына Өзбекстандан тамак сурап калдык. Ынтымак болбосок болбойт, бизге эч ким күйбөйт, эч ким жардам бербейт. Бизге өзүбүз гана бир тууган, өзүбүз гана бир боорбуз, - деди Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости