www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элинин улуулугун даңазалап, дүйнөлүк деңгээлге чейин жеткен кыргыздар болгон. Ошолордунбири «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деген жогорку наам алган Чокморов. Саясат, саясат деп жатып кыргыз элин ааламга тааныткан адамдарды унутуп баратабыз. Башаламандыктар бийликти алмаштырууга мажбур кылды. Азыр деле бийликти кытмыр кара, эптеп кошулуп өңүтүн күтүп отургандар жок эмес. Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Бүгүн болсо 81 жашка толмок. Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон, ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган. Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. Ошол эле учурда живописке кызыгып кеткен. Мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырган, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы СССРдин Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Киного 1969-жылы келген. Биринчи ролу «Караш ашуудагы атыш» тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда («Жетинчи ок», «Дерсу Узала») жана бүгүнкү күндөгү маселени көтөргөн тасмаларда («Кызыл Алма») роль аткарган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. 1981-жылы Чокморов СССРдин эл артисти наамын алган. Биздин мамлекетте бөйрөк оорусунан катуу жапа чегип, гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны арбып баратат. Кан тазалай турган гемодиализ аппараты арзан баада сатып келе койчу аппараттардан эмес. Кыргыз таланты Сүймөнкул Чокморов ушул аппаратка муктаж болуп Москвага барып дарыланып келчү.1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Гемодиализ аппараты эми өзүбүздө болуп калды. Карганбек Самаков Жапонияга барганда: “Бул кымбат баалуу аппараттан онду чечип бериңиздер” деген экен. Жогорку сапаттуу, кымбат баалуу мындай аппаратты дүйнөгө атагы чыккан жапондук “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы чыгарат. Учурунда Карганбек Самаковду ушул корпорациянын президенти Торао Токуда кабыл алып, бул аппаратты чечип берген. Кыргызстандык төрт медицина кызматкери Жапонияга барып, ушул аппаратты иштеткенди окуп-үйрөнүп, гемодиализ аппаратын алып келишкен. Муну менен Карганбек Самаков бөйрөк оорусу менен ооругандардын алкышына татыктуу болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg