www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөлөгү саясий толкундоолодон кийин аларга жардам колун сунуу – акчаны шамалга чачкандай эле кеп. Анткени, азыр Кыргызстанга ким жооптуу болуп, ким башкараары белгисиз. Акчаны белгисиз адамга берип жатканда,  ал жардамдын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сарпаталабы же бийлик үчүн өз кызыкчылыгын ойлогондордун курмандыгы болуп калабы, муну азыр эч ким айта албайт- деп Түркстан боюнча Россиялык эксперт Аждар Куртов Москванын Кыргызстанга каржылык жардамды токтотуу боюнча чечимине шилтеме берди. Бул тууралуу РФ жергиликтүү басылмаларынын бири жазып чыкты.

Эксперттин оюу боюнча, азыркы учурда Кыргызстандагы абал качан турукташаары белгисиз. Жаңы парламент, жаңы өкмөт түзүлүп, ошондой эле жаңы шайлоонун негизги шарттары айтылмайынча Бишкек Россиядан эч кандай көрүнүктүү жардам ала албайт.

Өлкөнү багыты боюнча Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн көз караштары ар кандай болуп жатат. Азырынча кайсы топтун жеңишке жетээри жана өлкөдө кимдин эрежелери өкүм сүрөөрү белгичи болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости