www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда, Кыргызстандан 2011-2016-жылдар аралыгында көп акчалар чыгып кетиптир деп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына жалаа коюп жатасыңар. Мен аны таза же күнөөлүү деп айтуудан мурда ал убакта Таможнянын башчысы ким эле деген суроо берейинчи. Чын эле күнөөлүү адам издеп жатсаңар, эстетип коеюн - Кубанычбек Кулматов эмес беле жетекчиси? Эмнеге ал тууралуу эстегиңер келбейт? Мындай пикирин Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Азаттыктын" версиясы боюнча күнөө коюлуп жаткан каражаттар чыкканы чын болсо, эмнеге ага төраганын орун басары жооп бериш керек? Матраимов го замы экен, "самы" бок жеп отурду беле? -деген киши жок. Же, Кулматов ал жерге беде сугарганы барды беле?
Матраимовдун аты - кызыкдар болгон саясий күчтөр аркылуу атайылап "популярдуу" кылынып, Кыргызстандагы тынчтыкты бузгусу келгендердин эле куралы болуп калды окшойт. Эгер ошондой арам максаттуу күчтөрдүн аракеттери байкалса, анда алардын азгырыгына алданбашыбыз керек деп ойлойм, - деп кошумчалаган Дайырбек Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg