www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коомубузга элдин эсебинен байыгандар, азыркы тил менен айтканда жемкорлор жаандан кийинки козукарындай көбөйдү. Миллион сомду кой, миллиондогон долларды жеп жуткандар, ири өлчөмдө пара алгандар биринен сала бири кармалып жатат. Күн сайын телеканалдар аркылуу "тигинден, мындан баланча миллион сом түштү. Мунун эсебинен мектептер, бала бакчалар курулат, жыртык-тешигибиз бүтөлөт" - деген сыяктуу маалыматтар байма-бай айтылууда. Акаев, Бакиевдер сепкен жемкорлуктун үрөнү кудум сары чырмоок сыяктуу коомубуздун бардык тармагына жайылып, улам кулачын кеңири жаюуда.
Учурда саясий жактан камалгандар, жемкорлор биринин аркасынан бири бошотулуп, таң калаарлык жагдайлар өкүм сүрүүдө. Кызыгы ошол камалгандардын өң-келбетинен түрмөгө түшкөн адамдын жүзүн көрө алган жокмун. Түрмөнүн тамагын жеген, анын тартибин сактап жашаган, ар кайсыны ойлоп жашаган, ар кайсыны ойлоп сарсанаа болгон адам өңүнөн азат. Психологиялык жактан аң-сезими өзгөрүүлөргө учурайт. Түрмөдөн бошогондор кудум санаториядан же эс алуу жайынан чыккан адамдын элесин берет. Ага кошумча айрым телеканалдар аркылуу өздөрүнүн акактай таза экендигин, жөн эле куугунтукталгандыгын, анан дагы ишмердүүлүгүнүн, жүргүзгөн саясатынын туура болгондугун, эч нерсе жеп-ичпегендигин, өз эмгеги менен байыгандыгын айтып элдин башын айландырууда. А чынында сот алардын күнөөлөрүн аныктаган үчүн сот жообуна тартты да. Менимче, бул адамдар жеп-ичкенинин жарымын же андан да көбүрөөгүн ар кандай жолдор менен жашырып калгандыгын сокур киши да көрүп турат. Буларды көргөн жемкорлордун жаңы мууну "а биз деле жеп-жута берсек камалымыш болуп, ушулар сыяктуу акчанын күчү менен түрмөнүн ичинде деле үйдөгүдөй жашайбыз. Анан эки-үч жылдын аралыгында бошонуп, Келдибеков, Түлеев сыяктуу катып калган байлыгыбыздын чекесинен кертип жеп, чартаңбай тээп, жыргап-куунап жашай беребиз деген арам ой мээлерине уялап алганын улам кийинки фактылар ырастап турат. "Балык башынан сасыйт" дегендей, биздин өлкөдө эл башкаргандар, министрлер, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кылмыш жоопкерчилигине тартылып, асты түрмөгө камалып, айрымдары тергөөдө. Жакында мурунку премьер-министр Шадиевдин байлыгынын тизмеси жарык көрдү. Муну көргөн адамдын төбө чачы тик турат. Дал ушул премьер-министр ар дайым бийик трибунадан жалындуу сөздөрдү сүйлөп, ар дайым элдин тагдырына күйүп-бышымыш болуп, өзүн болсо "ак карга" катары көрсөтүп келген. Кийин "ак карга" кара каргага айлана баштаганда Акаев, Бакиевдер сыяктуу куйрукту түйдү да, жок болду. Дагы бир премьер-министр Зилалиевдин банкка сактаган 1 миллион доллары ачыкка чыкты. Анын кудум жомоктогудай эң зор суммадагы каражатка салынган бир нече үйү жана туугандарына мыйзамсыз катталган ишканалары аныкталды. Дегеле азыркы тапта өлкө жеп-ичкичтердин, паракорлордун уясына айланган сыяктуу. Баланча-түкүнчө пара алып жаткан жерден колго түштү же мамлекетке мынча миллион сом зыян келтирген" - деген жагымсыз кабарлар байма-бай айтылып жатат. Кудум жомоктогу ажыдаар сыяктуу. Анда ажыдаардын он башы болсо, аны кыя чапкан сайын жаңысы өсүп чыгат. Орустун улуу падышасы Петр I өлкөнүн саясий-экономикалык абалын өзүнүн чечкиндүүлүгү, катаалдыгы, акылмандыгы, алысты көрө билген кыраакылыгы менен оңдогон. Өнүгүү жолуна салган. Өлкөнүн казынасына суук колун салган "келемиштерди" катуу жазалаган. Аларды аео деген болгон эмес. Казына кармаган кайсы бир кызматкерин өлөөрчө сабатып, андан соң эл алдына алып чыгып даргага астырган. Ал эми Кытайда ашынган жемкорду ачык эле атып салышат. Ал видеотасма аркылуу элге көрсөтүлөт. Бул үрөй учура турган көрүнүш, бирок эң туура жаза. Муну көргөн ар бир пенденин жүрөгү оозуна кептелет. Айрыкча арам оокатка азгырылгандар, ага кадам таштагандардын аң-сезимине дүрбөлөң салат. Кооптонуу сезими пайда болот. Албетте, кимдин эле ит өлүмү менен өлгүсү келсин. Биздин өлкөдө өлүм жазасы жок. Коррупционер же паракор түрмөгө кесилет, бирок мөөнөтү бүткөнчө отурбайт. Белгисиз себептер, кандайдыр бир жагдайлардын негизинде эркиндикке чыгат. Анын арам жол менен эки чөнтөк толтура акчасы бар.
Кайсы бир бөлүгүн казынага төгүмүш болот. Өзүндө калган бир чөнтөк акчасы, жыйган, каттырган дүйнөсү, өлөөр-өлгүчө кенен жетет. Абал ушундай болгон соң жемкорлук тамырын кенен жая берет. Коркунучтуусу анын бир эле тамыры жерде калса кайрадан өсүп чыгат. Ал эми жемкорлук менен отоо чөптүн табияты ушундай. Учурда «эгемендикке жеттик» деп ураалап калпагыбызды көккө ыргытып, көкүрөгүбүз кызарганча муштагылаганыңыз менен жыргал жашоо келген жок. Жоктон тапкансып окумуштууну президентикке дайындашты. Кадр саясатын анын аялы, тегерегиндеги алдым-жуттумдар чече баштады. Экономика, чарба деген эмне экенин жакшы түшүнбөгөн тилчилер өкмөт башчылыгына, 1 облуска жетекчи болуп барды. Чалагайым саясатчылардын доорону сүрүп, оюна келгенди оттоп жатышты. Чарбалар чар учкандай тарап, коомдук мал элге таратылды. Дал ушул саясаттын кесепетинен миллиондогон ири мүйүздүү бодо мал, майда жандыктар кыска мезгилде жок болду. Мурунтан койнунда котур ташы барлардын чырагына май тамды. Чалагайым реформаторлордун нускоосу менен күтүрөгөн калың мал оңду-солду таратылып, береке, байлык бөксөрдү. Жайыттар жетимсиреп, тоолордо желип-жорткон ач карышкырлардын улуган үнү гана калды. Шылуундар короолоп кой алып бекер олжого туйтунду. Өнөр жай товарлары, кийим-кечек, күндөлүк, турмуш-тиричиликке керектүү товарлар, азык-түлүк товарларын сатып алуу кыйындады. Кой үстүнө торгой жумурткалаган ток заман көздөн учту. Айылдарда бир жуп өтүк, бир жуп күрмө бир койго бааланды. Төрт бөтөлкө аракка бир коюн кармата бергендер да четтен чыкты. Айтор, алып-сатарлар элдин убал-сообунан коркпогон соодагерлердин күнү тууду. Ушундай сур замандын желаргысы жөө тумандай каптап турду. Шаарлардагы эң сонун иштеп турган завод-фабрикалар, ишканалардын иши солгундап, бара-бара булар да кан буугандай токтоду. Эбегейсиз зор суммадагы маанилүү обьекттер, алтынга бергис жабдуулар ит бекер сатылып, биринин аркасынан бири менчикке өттү. Жумушсуздардын армиясы күн санап өсүп жатты. Жерлер айдалбай, отоо чөп, алабата, коко тикен, чырмоок басты. Кары-картаңдар пенсиясын, иштегендер айлыгын ала албай зарыга күттү. Куу кекиртектин, жан сактоонун айынан аргасыз кылмышка баргандар көбөйдү. Азыркы тил менен айтканда, "каралардын" калчаган чүкөсү айкүрүнөн конуп, ээн жердин бөрүсүндөй жойлой баштады, Була аз келгенсип, эки президент, алардын үй-бүлөсү, туугандары өздөрүнө окшогон жан жөөкөрлөрү өлөсөлүү өлкөбүздүн канын сүлүктөй соруп, элдин зар каккан үнүн чымын чакканча көргөн жок. Өлкөнүн кызарган жерлерин майкандап, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген билермандар көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй, калың элди кыбырап жүргөн кумурска катары көрүп калган эле. Акыры ызага муунган калың журт жанар тоодой тарс жарылды. Бул коогалаңда чырактай болгон токсонго жакын эр-азаматтардын кырчын өмүрү кыйылды. Миңге жакыны майып болду. Көпчүлүгү кыз сүйүп, наристе жытын искебей, жашоонун жыргалын көрбөй көзү ачык бойдон кете берди. Айтып бүткүс арман ушул болду. Алар "өлкө жексурлардан тазаланып, жөө тумандан арылат, кийинки эл башкаргандарга сабак болот" деген таза ойдо болушкан. Ошол аруу тилектер, жаркын ойлор суу кечпей калды. Жогоруда айтылгандай коомду тазарта турган, элди оң жолго сала, үлгү көрсөтө турган аткаминерлер, эл башындагылар Акаев, Бакиев чапкан жолго ат тизгинин бурду. Жогоруда жеп-ичкичтердин өнөрү тууралуу айтылганда "деги ушулардын жүзү курусунчу, набыт кеткен чырактай балдардын арбагы урсун!" деген элдин үнү азыр да ободо калкып турат. Буларың элдин бул ачуу үнүн, жамгырдай жаадырган каргышын уга турган түрү жок. Анткени мындайлардын бети илгери эле бетонго айланган. Беттерин табактай кылып, маал-маалы менен телеэкранга чыгып, жобурап акылдуусунганын кантесиң. Булардын ким экендигин жамы журт жакшы билип калды. Чыгаан журналисттер мындайлардын аты-жөнүн ачык эле жарыялап, безге сайгандай курч тил менен сындап келет. Кой, элге жек көрүнүп калдым, ийинге кирейин да, тынч жашайын деген ой жок буларда. Эки өгүзгө чегилген араба узак жолдо чарчап-чаалыгып, илкий-калкый кайдадыр сапар улап бараткансыйт. Арабакеч да чарчаганбы, араба айдаган эки жылдын аралыгында жедеп тажаганбы, үргүлөп кез-кез божуну силкип, өгүздөрдү айдамыш болот. Тээ көптөн бери майланбаган дөңгөлөктөр кыйчылдап кулак-мээни жейт. Бир жагынан кан соргуч көгөндөр, чиркейлер арабакечтин жүзүнө коно калып тыз эткизип чагып, үчөөнү тегеректеп учуп-конуп ойда даң салат. Бирде ысык аптап мээден өтсө, бирде нөшөрлөп жамгыр төгөт. Жол узаргандан узарат. Алдыда өңгүл-дөңгүл жолдор, өгүздөрдү күйүктүргөн, демиктирген өрлөр, кыя жолдор, жолду бөгөгөн агыны катуу суулар бар. Дөңгөлөгү кыйчылдаган эски араба жедеп чарчап-чаалыккан арык өгүздөр жетчү жерине жетээр бекен?.. Же орто жолдо калабы? Айтор, бул суроо бүдөмүк, күдүк. "Өгүз өлбө, араба сынба" дегендей, өлкөнүн азыркы абалы - ушул. Бирок адам үмүт менен жашайт. "Акыры жөө тумандан арылып, ачык асман сыяктуу таза жашоо келет" деген ишеним ар бир пенденин жүрөгүндө жылт эткен учкун сымал жашап келет. Элибизде "жакшы тилек - жарым ырыс" деген акылман кеп бар. Жакшылыктан үмүт үзбөйлүчү, замандаш!
Тукен ОРУЗБАЕВ, Каракол шаары
Булак: "Фабула"