www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* кыймылы азырынча өздөрүнүн бийлигин бекемдейт, андан соң кошуналарга куралсыз согуш ачат. Мындай пикирди журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Талибан"* кыймылы Кыргызстан аймагында тыюу салынган. Афганистанда бул кыймыл бийликке келди. Натыйжада, Орто Азия коркунучта деп талкуулап жатабыз. Алар азырынча өздөрүнүн бийлигин бекемдейт, андан соң кошуналарга куралсыз согуш ачат. Караңгы, билимсиз, радикалдашкан айрым муун алардын кылтагына мурда эле илинген, эми дагы илинет. Буга чейин башын катып жаткан диний уюмдар, эми активдешип башташы мүмкүн.

Мамлекет, башканы коюп ушул багытта иш алып баруусу керек. Бул идеологиянын артында согуш илгери эле башталган. Басмачылык кыймылдын урааны дагы буларга үндөш болуп, Англия каржылаган. Азыр деле уланууда,  болгону согуштук техникалар алмашты,  курал көтөрүп жүргөн "акыйкат орнотуучулар" мээси өскөн жок. Жапайы мыйзам, караңгылык, түшүнүксүз согуш. 

Мага кызыгы, Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан "Талибан"* кыймылын террордук уюм катары баалап, өздөрүнүн аймагында тыюу салган. Азыр, расмий бийлик алардын колуна өттү. Эми бийлигин кошуналар тааныйбы?", - деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости