www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто Кумтөргө байланышкан сот отуруму өткөн жок

Бүгүн, 18-августта Нью-Йорк сотунда “Centerra Gold Inc” компаниясынын банкрот деп таануу тууралуу арызын карай турган сот отуруму болгон жок. Бул маалыматты булактарына шилтеме берүү менен “Tazabek” жарыялады.

Азырынча сот отурумунун эмнеге өтпөй калганы айтыла элек.

Бүгүнкү күндө Кумтөр кени боюнча эки соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул маалыматты кечээ, 17-августта “Биринчи радионун” эфиринде Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова билдирген.

Анын айтымында, “Центерра” 16-майда Швециянын арбитраждык сотуна кайрылган. Ошондой эле Нью-Йорк эл аралык сотуна “Кумтөр Голд Компани” компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүч келтирген. Учурда баары Нью-Йорк сотунун чечимин күтүп жатышат.

“Центерра” биздин өлкөдө катталган “Кумтөр Голд Компани” компаниясын банкрот деп жарыялоону көздөп жатат. Эгерде бул маселе “Центерранын” пайдасына чечилсе, анда “Кумтөр” кениндеги жумуштарды токтотууга аргасыз болобуз.

Бүгүнкү күндө 260 млрд сомдук санкция боюнча соттун өкүмү токтоп турат. Бардык чечимдер токтотулду. «Центерра» бардык жактан тоскоолдук жаратууда. Тышкы башкаруучу тарабынан бардык чечимдер тоңдурулду. Себеби, «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо өтүнүчү канааттандырылса, анда алтын кендеги ишти токтотуш керек болот”, - деди Кутманова.

Ошондой эле, ал Нью-Йорктогу сот процесси соңуна чыкмайынча, “Кумтөр Голд Компани” компаниясына байланыштуу башка сот чечимдери күчүнө кирберин кошумчалаган.

Эске салсак, 16-17-августта коомдук активисттер чогулуп, АКШнын элчилиги астында Нью-Йорк сотун Кумтөр боюнча “Centerra Gold” компаниясынын доосунун негизинде калыс чечем чыгаруусун талап кылган акция өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости