www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозбек Молдалиев:

Ооган армиясын жемкорлук аксатты. Мындай пикирди саясат таануучу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев айтты. 

--"Ал жерде "жел батальондор" болгон. Баланча батальон түзүлдү, баланча батальон каршы турат деп ошолорго акча, курал-жарак алып, ошолорду пайдаланышкан. Армиядагы коррупциянын коркунучтуу экенин ушундан баамдасаңар болот. Кулаганынын себеби да ушунда болду. Жетекчиликтин баары коррупциялашкан. Курал-жарактарды сатышкан.

Сүрөттөн "Талибандын" курал-жарагын карасаңар. Бүт эле мылтыктарды, "Хаммерлерди" алган. Кийинки кездерде булардын карамагына дрондор да өтө баштаган", - деди Ооганстандагы кырдаалга көз салып келе жаткан эксперт Молдалиев.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагын басып алып, өз көзөмөлүнө алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Талибдер Ооганстанда "Ислам эмиратын" түзүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости