www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жолдун каршы тилкесине чыгып автоунаа айдап, айдоочуга кол салган Ы.С. аттуу милиция кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Ош ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта милиция кызматкеринин жолдун каршы тилкесинде унаа айдап бара жаткан видеосу пайда болгон. Анда милиционер нааразы болгон айдоочуга жулунуп, анын телефонун тартып алууга аракет кылган.

ИИБ милиционердин айдоочуга кол салгандыгы боюнча кызматтык иликтөө уланып жатканын белгиледи.

"Иштен кеткен тартип сакчысы милициянын №1 бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенчү", — деп айтылат билдирмеде.

Анын ички иштер органдарында калар-калбасы иликтөө аяктагандан кийин белгилүү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости