www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдардын иммунитетинин деңгээли 80 пайызга жеткенде коронавирус сезондук оору катары кабыл алынып калат. Бул туурасында Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун Илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов РИА Новостиге билдирген.

Окумуштуунун айтымында, вирус өзгөргөн сайын жаңы касиеттери пайда боло баштайт, ошондуктан көптөгөн өлкөлөр ар кандай генотибине тынымсыз мониторинг жүргүзүп турушат. Жамааттык иммунитет түзүлгөнгө чейин коронавирус башкы маселе бойдон кала берет.

"Эгер жамааттык иммунитетке жете турган болсок, вирустун өзгөрүшү азаят. Себеби вирус иммунитети жок организмде мутацияланат. Калктын 80 пайызында иммунитет иштелип чыкканда гана жамааттык иммунитет түзүлөт", — деди Горелов.

Ошондой эле ал COVID тууралуу негизги маалыматтар алынганын, бирок вирус ар дайым өзгөрүп тургандыктан изилденип бүттү деп айтуу туура эместигин белгилеген.

Эске салсак, Кыргызстанда 600 миңге чукул адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Ал эми 277 805 киши эки компонентин тең алып бүттү.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости