www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биз көп кирешеден куру калдык”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаев.

Аскар Акаев NazarNews маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берип жатып, кыргыз сомунун тарыхы жана “Кумтөр” алтын кенинин ишке кириши тууралуу кеңири айтып берген.

--“Кумтөргө түшө турган акчанын көпчүлүгүн азайтты. Себеби, Кумтөрдөн түшкөн акча бир, Канаданын Торонто шаарында биржада акциялар ойноп жаткан акча бир. Торонтодогу биржада баары өйдө-төмөн болуп турду. Биздин мамалекетте саясий  туруктуулук жок болуп, алар түшүрүп койду.  

Мындайча айтканда, Кыргызстандагы ызы-чуулар тоскоол болуп, Кумтөрдүн акциялары саясий тополоңдон төмөндөп кетти. Биз көп кирешеден куру калдык. Муну ачык айтышыбыз керек. Үлүш азайып кетти деп азыр айтып жатышпайбы? Менин убагымда үлүш эч качан азайган эмес”, - дейт туңгуч президент.   

Кошумчалай кетсек, 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев Эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти болуп шайланган.

Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийликке нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Россияга кеткен.

Учурда экс-президент МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости