www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иркутск облусунда жоголгон окуучу кыздын сөөгү Усть-Кут шаарына жакын жердеги дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ИИМдин облус боюнча башкы башкармалыгынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Усть-Кут шаарында 16 жаштагы кызды издөө иштери жүргөн. Ал 16-июнь күнү эртең менен үйдөн чыгып кеткен, андан кийин мессенжерде бир нече жолу онлайн болуп, кийинчерээк байланышка чыкпай калган.

Аталган окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Полиция оюн-зоок мекемелеринин жол боюндагы видеокамераларын текшерип, ыктыярчылар менен бирге чатырларды, жер төлөлөрдү, жээкти жана токойду карап чыгышкан.

Жергиликтүү "ИрСити" порталы укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен мектеп окуучусу жабык Telegram каналына өз жанын кыюу тууралуу билдирүү калтырганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости