www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тибет лидери, "Нобел” сыйлыгынын ээси Далай-Лама, жер жүзүндөгү болуп жаткан окуялар жана дүйнө жүзүндө тынчтык өкүм сүрүшү тууралуу айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Азыртадан адамдар бири-бирине мээримдүү жана камкор болушу үчүн аракет кылып, илим-билимин күчөтүп, ниетин жакшы тарапка бурса, дүйнө жүзү боюнча тынч жана бейпил жашоого 20 жылда жетсе болот. Мындай пикирин ал Индиядагы Дхарамсала шаарындагы орустар, индиялыктар жана тибеттик илимпоздордун арасында өткөн конференцияда айткан.

82 жаштагы Далай Лама XIV төмөнкүлөргө токтолгон:

"Азыркы 30 жаштагылар, 20 жыл ичиндеги болуп көрбөгөндөй илимдин өнүгүшүнүн натыйжасында, Жер жүзүндөгү тынчтыкты жана бейпил доорду көрө алышат.  Бирок биз ошол күндөрдү көрө албайбыз. Адамзат билим берүү жана илимий багытта келечектеги бактылуулуктун алдында турат", деп билдирген Дала Лама.

Маалымат үчүн айта кетсек, Далай Лама, Тибеттин саясий жана руханий лидери. Ал дүйнө жүзүнө белгилүү инсан.   

Анын эл аралык кадыр-баркы абдан жогору, дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн президенттери, Далай Лама менен маек кылганга кызыгышат.

Темур Назаров, Ташкент шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости